Депутат Сайдулла Нышанов азыркы учурда Кыргыз өлкөсүнүн жети аймагынын калкы ар башка диалектиде сүйлөшө турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Мага улуттук адабий тилибиздин азыркы абалына кабатыр болгон бир топ окумуштуулар бул багытта тийиштүү чараларды көрүү өтүнүчү менен кайрылышты. Биз коомдук жайларда таза адабий тилде сүйлөшүбүз керек. Ал эми кыргыз тилинин диалектилеринде өз үйүбүздө пикир алыша берсек болот. Биз бардык жерде, анын ичинде Жогорку Кеңеште адабий тилдин ченеминде сүйлөшүбүз абзел. Азыркы адабий тилдин колдонулушуна байланыштуу көйгөйдү мыйзам негизинде, мамлекеттик деңгээлде чечпесек болбой калды", - деди ал.