КҮНСОБОЛ: Ош шаарында 2019-жылы 36 миңдей жаран каттоого турган. Ал эми акыркы ай ичинде эле 30 миңден ашуун адам каттоого турду. Бул 30 миң добуш бир партиянын пайдасына иштеп калбайт деген кепилдик барбы? Токтошев: "Бул добуш сатып алуу болуп саналат"

Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 12-апрелге белгиленген. Бул жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Бүгүн, 13-февралда депутат Кенжебек Бокоев жана Жанар Акаев жергиликтүү шайлоонун алдында айрым шаарларда убактылуу каттоого турган жарандар кескин көбөйүп жатканын айтып чыгышты. Мындан улам Жогорку Кеңешке Борбордук шайлоо комиссиясынын жана Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү чакырылды.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Ош шаарында 2019-жылы 36 миңдей жаран каттоого турган. Ал эми акыркы ай ичинде эле 30 миңден ашуун адам каттоого турду. Бул 30 миң добуш бир партиянын пайдасына иштеп калбайт деген кепилдик барбы?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев бул добуш сатып алуу болуп санала турганын айтты.

"Жакында Токмокто 10 миң адам каттоого турган. Бул жерде атайын бир партиянын адамдары иштеп, өздөрүнүн кишилерин каттатып жатат. Буга жол бербөө керек. Бул добушту сатып алуу болуп эсептелет. Албетте, бул туура эмес. Жобо иштеп чыгуу зарыл", - дейт Эмил Токтошев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан