Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 12-апрелге белгиленген. Бул жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Бүгүн, 13-февралда депутат Кенжебек Бокоев жана Жанар Акаев жергиликтүү шайлоонун алдында айрым шаарларда убактылуу каттоого турган жарандар кескин көбөйүп жатканын айтып чыгышты. Мындан улам Жогорку Кеңешке Борбордук шайлоо комиссиясынын жана Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү чакырылды.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Ош шаарында 2019-жылы 36 миң жаран каттоого турган. Ал эми акыркы ай ичинде эле 30 миңден ашуун адам каттоого турду. Бул 30 миң добуш бир партиянын пайдасына иштеп калбайт деген кепилдик барбы?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев бул жерде чоң көйгөй жаралганын белгиледи.
"Кайсы бир партиянын өкүлдөрү бул ишти жүргүзүшү мүмкүн. Шайлоо максаты менен каттоого тургузуп жатса, алар добуш бергенге эле келишет да. Бул татаал маселе болуп жатат. Шаарыбызды өнүктүрөбүз дегенде тургундардын добушу болуш керек. 20 миң жаран башка жактан келип Токмокко каттоого турса, шаарда жашагандардын пикири эске алынбай калат. Бирок мыйзам бузулду деп айта албайбыз. Бул жерде чоң көйгөй жаралып калды. Жогорку Кеңештин бул чакырылышынын мөөнөтү бүткөнгө чейин мындай учурду мыйзам жолу менен тактап, чектеп коюш керек", - дейт Масалиев.