Депутат Исаев: "Каттоодо турбаган адамдарды шайлоо тизмесине киргизүү 2016-жылдагы парламенттик шайлоодо да орун алган"

Депутат Канат Исаев каттоодо турбаган адамдарды шайлоо тизмесине киргизүү 2016-жылдагы парламенттик шайлоодо да орун алганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Каттоодо турбаган адамдарды шайлоо тизмесине киргизүү 2016-жылдагы парламенттик шайлоодо да орун алган. Ушунун кесепетинен ал азыр дагы кайталанып жатат. Токмок шаарында ошондой окуя болгон. Биз бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына билдиргенбиз. Бирок анын жетекчилиги мындай мыйзамсыз шайлоочуларга каршы чечкиндүү чараларды көргөн жок. Эгер ошондо тийиштүү чаралар көрүлсө, мындай жосундар азыр кайталанмак эмес", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан