Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 12-апрелге белгиленген. Бул жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Бүгүн, 13-февралда депутат Кенжебек Бокоев жана Жанар Акаев жергиликтүү шайлоонун алдында айрым шаарларда убактылуу каттоого турган жарандар кескин көбөйүп жатканын айтып чыгышты. Мындан улам Жогорку Кеңешке Борбордук шайлоо комиссиясынын жана Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү чакырылды.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Ош шаарында 2019-жылы 36 миң жаран каттоого турган. Ал эми акыркы ай ичинде эле 30 миңден ашуун адам каттоого турду. Бул 30 миң добуш бир партиянын пайдасына иштеп калбайт деген кепилдик барбы?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Умбеталы Кыдыралиев бул нерсени мамлекет өзү көзөмөлдөшү керек экенин айтты.
"Жергиликтүү шайлоого катышуу үчүн каттоо болушу керек. Бул нерсени көзөмөлдөө керек да. Албетте, партиялар аракет кылып жатышат. Аларга добуштар зарыл. Ошон үчүн ушундай иштер жүрүүдө. Тийиштүү органдар тарабынан текшерилиши шарт", - дейт Кыдыралиев.