Айдоочу 3 жөө жүргүнчүнү сүзүп качып кетти. Жаракаттан бирөө каза болуп, экөө ооруканага жеткирилди

Бишкек шаарында 3 жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен деген шек менен 26 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

"13-февраль күнү түнкү саат 00:30 чамасында белгисиз айдоочу Малдыбаев жана Масалиев көчөсүнүн кесилишинде 3 жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Жөө жүргүнчүлөрдүн бири алган жаракатынан улам кырсык болгон жерден каза болгон. Калган экөө Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаткырылган. Иликтөөнүн жыйынтыгында Мерседес Бенц автоунаасынын айдоочусу 1994-жылы туулган Т.К. кармалган. Шектүү Бишкек ШИИББинин тергөө бөлүмүнө киргизилип, унаасы айып короосуна коюлган.

Аталган факты 297-берене (автотранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда тийиштүү экспертизалар жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан