Ош шаарындагы мектептердин биринде бычакталып каза болгон 8-класстын окуучусунун өлүмү боюнча сот чечим чыгарды. Анда күнөөлүү деп табылган 16 жаштагы Д.Н. жана 17 жаштагы А.И. он жылдан эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Ош облустук соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, чечимди кечээ, 12-февралда Ош шаардык соту чыгарды.
Анда соттолуучулар А.И. жана Д.Н. 130-берене "адам өлтүрүү" менен күнөөлүү деп табылып, ар бири 10 жылдан эркинен ажыратылган. Жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлүнө 75 миң 854 сом материалдык, ал эми моралдык зыян 1 миллион сом өндүрүлүүсү көрсөтүлгөн.
Ал эми нааразы тарап аппеляциялык тартипте Ош облустук сотуна даттанууга укуктуу.
Окуянын чоо-жайы:
Окуучулар 2019-жылдын 30-май күнү мектептен чыккандан кийин уруша кетишкен. Окуя Ош шаарындагы Кыргызстандын 40 жылдыгы мектебинен алыс эмес жердеги дүкөндүн алдында орун алган. Анда С.А. аттуу 8-класстын окуучусун Н.Д.у. аттуу бала учтуу нерсе менен сайып жиберген. С.А. алган жаракатынан улам каза болгон.