"Түндүк" электрондук өз ара аракеттенүү борбору аркылуу бирдиктүү системге 62 мамлекеттик орган жана мекеме кошулду

Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматка өткөрүү боюнча иштер күчөтүлүшү керектигин айтты. Бул тууралуу ал Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин 2019-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча өткөрүлгөн коллегияда билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кубатбек Боронов 2020-жылы мамлекеттик, муниципалдык органдардын жана жеке тармактардын электрондук өз ара кызматташуу чөйрөсүндө жаңы технологияларды ыкчам ишке киргизүү боюнча жумуштарды улантуу зарылдыгын белгиледи.

"Жарандар үчүн электрондук форматтагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатуу жана ыңгайлуу болушун камсыз кылуу шарт. Былтыр бул багытта чоң иштер жасалды. Калкка кыска мөөнөттүн аралыгында сапаттуу мамлекеттик санариптик кызмат көрсөтүү ишин улантуу керек. Алдыга кете турган багытыбыз белгилүү. Учурда "Түндүк" электрондук өз ара аракеттенүү борбору аркылуу бирдиктүү системге 62 мамлекеттик орган жана мекеме кошулду. Эми санариптештирүүнүн бардык артыкчылыктары иш жүзүндө калкка сезилерлик болуш керек", - деди Кубатбек Боронов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан