Учурдагы кыргыз эстрадасындагы популярдуу ырчылар Нурлан Насип, Дайыр Исмадияров, Данияр Эрматовдорду чыгармачылыкка аралаштырып, сахнага алып чыккан продюсер Канат Кадыржан ден соолугунда маселелер жаралып жатканын социалдык баракчасына жазды.
"Бардык тааныштарга айтарым, кокустан сизди көрүп учураша албай калсам, кечирим сурайм. Анткени алысты жана караңгылыкта көрбөй калып жатам. Диагноз сүрөттөгүдөй чыккан. Аба ырайынын өзгөрүлүшүнөн көзүмдөн жаш агып турат. Бардык дарыларды колдонуп көрдүм. Жыйынтык болбоду. Көздү операция кылганга шашылыш түрдө колунда бар, кайдыгер карабаган адамдардан жардам сурайм. Балким, клиника же дарыгер сунуштайсыз... Ашказан ооруйт (диетадамын) каным аз, кээде көңүл айланып калат. Ал нерсени колдон келишинче дарылап жатам. Ушуга дагы Кудайга шүгүр кылам. Кудайымдан жардам сурайм. Дуба кылып коюңуздарчы", - деп жазган ал.
Билдирүүсү тууралуу продюсер SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.
"Негизи көзүм менен алышып жатканыма 5-6 жыл болду. Офтальмологдор жазып берген дарылардын баарын колдонуп көрдүм, жардам бербей келет. Бул билдирүүнү деле аргасыз жаздым. Анткени алысты жакшы көрбөй жатканыма байланыштуу жумуш учурунда кесиптештерди көрбөй, тааныбай, ыңгайсыз абалда калып жатам. Аларга абалымды түшүндүрсөм кээ бири түшүнөт, айрымдары туура түшүнбөй калышы мүмкүн. Анан ар бирине көзүм ооруйт, көрбөй жатат деп да айтып чыга албайт экем. Учурда көрүүм -7 болуп, түрк офтальмологдору көзүмө операция жасатыш керек деп айтышты. Ошондуктан социалдык баракчама жазууга туура келди.
Мен радиодо 9-класстан бери ди-джей болуп эмгектенип, акыркы жылдары ден соолугума байланыштуу иштебей калгам. Кээде кечке компьютерде отуруп иштегенимдин таасири болуп калдыбы деп ойлоп калам. Акыркы жылдары ашказаным да ооруп, аябай арыктап кеттим. Ошону ойлонуп отуруп оорум да күчөп кетти окшойт", - дейт продюсер.