Ысык-Көл облусунда милиция кызматкерлери мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды алышты. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Ак-Суу РИИБинин аймактык кызматкерлерине райондогу айылдардын биринде «Бык» каймана аты бар адам көп өлчөмдө мыйзамсыз ок атуучу куралдарды үйүндө сактап жүрөт деген маалымат түшкөн. Аталган маалыматтын үстүнөн тергөө-изилдөө иштерин жүргүзүү учурунда шектүү адамдын аты-жөнү аныкталып, ал Нововознесеновка айылынын 70 жаштагы тургуну М.П. аттуу жаран болуп чыккан.
"13-февраль күнү шектүү адамдын үйүндө санкциялаштырылган тинтүү иштерин жүргүзүү учурунда колго жасалган 7-62 мм калибрдеги сайлуу 3 даана, 16 калибдеги сайсыз 2 даана ок атуучу куралдар, "аммонит" үлгүсүндөгү 8 даана жарылуучу зат, 84 даана калибрдеги ок даарылар, ошондой эле 6 даана текенин мүйүзү табылган. Аталган факт Ак-Суу РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ал эми шектүүнүн баш коргоо чарасы кабыл алынганча Каракол ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп билдирет басма сөз кызматынан.