Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров атасы Малайзияга учуп кеткенин маалымдады. Азимбек Бекназаров өткөн жылдын 26-декабрында Кыргыздын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган.
Андан бир ай өткөндөн кийин саясатчы журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп, китеп жазып жатканын айткан. Эмне үчүн элчилик кызматка киришпей жатасыз деген суроолорго "ал керектүү документтер даярдалууда" деп жооп берген. Руслан Бекназаров атасын Малайзияга кечээ, 13-февралда узатканын билдирди.
"Атамдын мүнөзүн жакшы билем. Эс алуу эмес, эки өлкөнүн мамилесинде, катташында, алыш-беришинде өзгөрүү сөзсүз болот. Биздин үй-бүлө канчалаган сыноодон өттүк. Биз сынбадык жана сынбайбыз. Күчтүү эркектин артында күчтүү аял турат", - деп жазган Руслан Бекназаров.