"Жубайлар шоу" сынагы "Бишкек Парк" соода борборунда башталды

Бүгүн, 14-февраль күнү "Бишкек Парк" соода борборунда Махабат майрамына карата "Супер-Инфо" гезити, SUPER.KG порталы жана SUPER.TV каналы биргеликте уюштурган "Жубайлар шоу" берүүсүнүн майрамдык кечеси өтүп жатат.

Сынактын шарты боюнча сүйүшкөн түгөйлөр бири-бирине болгон сезимдерин билдирип, сүйүү баяндарын биздин социалдык тармактагы баракчаларыбыз аркылуу билдиришкен. Алардын арасынан эң кызыктуу, өзгөчө баяндын ээлери редакциянын тандоосу менен тандалышкан.

Алгач сахнага шоу-концерттин алып баруучулары Максат Надырбеков, Айжан Нурманбетова, Алмаз Шаадаев чыгып, элди бүгүнкү майрам менен куттуктап, сынактын жеңүүчүсү аталган 4 жубайларды сахнага чакырды. 5-катышуучуну көрүүчүлөр арасынан тандап, ошентип сынакта 5 жубайлар ат салышмай болушту.

Жубайлар шоу. Алмаз Шаадаев сахнада алып баруучуга сүйүүсүн арнады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
iryi1
2020-02-14 16:51:35
Эн сонун. Баардыгынардын журогунордо суйуу жашасын. Суйуу кунунор менен куттуктайм.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан