Бишкекте "адамдын ден соолугуна оор залал келтирүү" беренеси менен шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек ШИИББине шаардагы ооруканалардын биринен маалымат келип түшкөн. Анда 1-январь күнү жандандыруу бөлүмүнө 1954-жылы туулган К.Р. баш мээсинен жаракат алып оор абалда ооруканага келип түшкөнү айтылган. Ал көп өтпөй алган жаракаттарынын негизинде каза болгон.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ыкчам иликтөө тобу шектүү катары 1977-жылы туулган З.К. аттуу жаранды кармашкан. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүүдө.