Оор атлетчи Курсант Төлөнов Азия оюндарында 6-орунду ээледи

Кыргызстандык спортчу Курсант Төлөнов оор атлетика боюнча Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында 6-орунду ээледи. Мелдештин расмий сайты билдиргендей, Төлөнов (77 кг) жулкуп көтөрүү боюнча 116 килограммдык штанганы көтөрсө, түртүп көтөрүү боюнча 145 килограммды багынтты. Эске салсак, Кытайда өтүп жаткан өспүрүмдөр арасындагы Азия оюндарында 45 өлкөнүн спортчулары спорттун 16 түрү боюнча атаандашууда. Ага Кыргызстандан спорттун 6 түрүнөн 14 спортчу катышууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан