Кыргыз өлкөсүндө туулган, учурда Казакстандын "Иртыш" клубунун коргоочусу Андрей Хрипков Кыргыз улуттук курама командага чакырылуусу тууралуу билдирүү жасады. Бул тууралуу ал Инстаграм баракчасына жазып чыкты.
"Урматтуу Кыргыз өлкөсүнүн күйөрмандары. Ооба, мага башкы машыктыруучу Александр Крестинин тарабынан Кыргыз улуттук курамасына чакыруу келип түшкөн. Бул чакыруу үчүн Крестининге рахмат. Мага мекеним үчүн ойнобойм деп айткан оор болду. Бул үй-бүлөлүк маселелерден улам чыккан чечим. Бардык күйөрмандарга, Кыргыз улуттук курамасында ойногонумду каалагандарга чоң рахмат! Мен сиздер үчүн дайыма жан тартам. Алга Кыргыз өлкөсү!" - деп жазган футболчу.