Бишкекте жеңил унаа үйдү сүзүп, андан ары каналга түшүп кетти. Бул тууралуу патрулдук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 15-февралда болжол менен саат 23:30 чамаларында Чүй көчөсү менен Чолпон-Ата көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган.
"1974-жылы туулган К.Т. аттуу айдоочу Nissan Primera үлгүсүндөгү унаасы менен Чолпон-Ата көчөсү менен түндүк тарапка бара жатып, унаа башкаруудан чыгып Чүй көчөсүндөгү батирди сүзүп, андан ары каналга түшүп кеткен. Натыйжада жүргүнчүлөр 1978-жылы туулган Б.А. жана 1937-жылы туулган И.К. Чүй облустук ооруканага жеткирилген. Алар айдоочунун аялы жана апасы болгон. Бул жол кырсыгы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери жүрүүдө", - деп билдиришет басма сөз кызматынан.