Унаа базарында 3 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды

Чүйдүн Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылында 3 унаанын катышуусундагы жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 16-февралда саат 13:30 чамасында унаа базарында болгон.

"Жолдун четинде токтоп турган Хонда Одиссей унаасын жана дагы башка унааны Тойота унаасы келип сүзгөн. Кырсыктан эч ким жабыркаган жок. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mirlanpiter
2020-02-16 17:41:08
Базарды кызытуу керек болчу план боюнча,бирок башкача болуп калган го ...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан