Бишкекте Пакистандын жарандарын бычак менен коркутуп, карактагандар кармалды

Бишкекте Пакистандын 3 жаранын бычак менен коркутуп, карактап кетишкен. Кылмышка шектүүлөр кармалганын Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

Окуя 26-январда Чыгыш-5 кичи районунда саат 16:20 чамасында орун алган. Анда көп кабаттуу үйлөрдүн биринин лифтинде белгисиз жарандар пакистандыктарды бычак менен коркутуп, 2 миң 500 сом жана Самсунг, Айфон үлгүсүндөгү телефондорун тартып алышкан.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 202-берене (каракчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

"Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө Свердлов РИИБинин кызматкерлери шектүү делинген 1987-жылы туулган К.С. жана 1998-жылы туулган И.Т. аттуу жарандарды кармашкан. Свердлов райондук соту кармалган жарандарды СИЗО-1ге киргизүү чечимин чыгарды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asula
2020-02-17 12:29:46
Суротторунор алмашып кетиптир го алар Бир Кыз менен Бир бала эмес беле.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан