Ош шаарында жыл башынан бери жашаган жери боюнча каттоого турган жарандардын саны өстү. Жарандардын массалык каттоого туруусу шаардык кеңештин шайлоосуна байланыштуу экендиги айтылган. Бул факт боюнча "шайлоочулардын добуштарын сатып алуу" беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылганын Башкы прокуратурадан билдиршет.
"7-февралда айрым жергиликтүү маалымат булактарына студенттерди, мугалимдер жана факультеттин башчылары тиешелүү аймакка каттоо үчүн паспортторун алып келүүгө мажбурлап жатканы тууралуу маалыматтар жарыяланган. Ал эми студенттерге материалдык сый акы жана окуусуна жардам берилери убадаланган деп айтылган маалыматта.
Бул факт Ош ШИИБи тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "шайлоочулардын добуштарын сатып алуу" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Мындан тышкары 12-февралда Ош шаардык прокуратурасы тарабынан Калкты каттоо жана паспорт менен камсыз кылуу бөлүмүнүн жетекчиси Н.К`га мыйзам бузууга жол берилбесин деген эскертүү берилди", - деп кабарлашты мекеменин маалымат кызматынан.