Тажик басылмалары "Эгерде тарыхты каза келсек, мурда Баткен эч качан кыргыздын жери болгон эмес" деген аталышта макала жарыялап, анда милициянын генерал-майору, Согдий облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Абдулло Навжувонов "биздин ата-бабаларыбыз кыргыздарды алып келип, ушул жерди берген, ал эми бүгүн болсо, тажик тарап үчүн бул көйгөй жаратып жатат" деп айткан. Буга байланыштуу Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги коңшу мамлекеттин элчисин чакырып, жолугушууда кыргыз тарап өтө тынчсызданып жатканын билдирди.
SUPER.KG порталы "Тажик генералынын сөзүнө карата расмий Бишкектин реакциясына кандай баа бересиз?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков генералдын айткан сөзү эл аралык мамилеге таасир этиши мүмкүн экенин айтты.
"Ал чагымчыл генерал экен. Тиешелүү чаралар көрүлүп жатат. Тышкы иштер министрлиги элчини чакырганы туура болду. Тиешелүү реакция болууда. Өзүнө жооп бербеген адамдар ушинтип чагымчыл болушат. Бул эл аралык мамилеге таасирин тийгизет", - дейт Турсунбеков.