Тажик басылмалары "Эгерде тарыхты каза келсек, мурда Баткен эч качан кыргыздын жери болгон эмес" деген аталышта макала жарыялап, анда милициянын генерал-майору, Согдий облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Абдулло Навжувонов "биздин ата-бабаларыбыз кыргыздарды алып келип, ушул жерди берген, ал эми бүгүн болсо, тажик тарап үчүн бул көйгөй жаратып жатат" деп айткан. Буга байланыштуу Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги коңшу мамлекеттин элчисин чакырып, жолугушууда кыргыз тарап өтө тынчсызданып жатканын билдирди.
SUPER.KG порталы "Тажик генералынын сөзүнө карата расмий Бишкектин реакциясына кандай баа бересиз?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров Кыргыз-Тажик чек ара маселеси чечилмейинче ар кандай сөздөр айтыла берет деген пикирде.
"Чек ара маселеси чечилмейинче ушундай сөздөр айтыла берет. Өткөндө эле бул боюнча айтып жатпадык беле. Ошол үчүн бул багытта өкмөт иштеши керек. Өкмөт вице-премьерлерди алмаштыра бербей, өзү ошол жерге барып, чек ара маселесин чечкенге аракет кылуусу зарыл. Өкмөт алсыз болуп, эч нерсе чечилбей жатса алар ушундай саясий билдирүүлөрдү жасай беришет", - деди Сабиров.