Депутат Таабалды Тиллаев: "Тажик генералы кыргыз элинен кечирим сурашы зарыл, өкмөт экинчи мындай нерсе кайталанбашы керектигин айтышы шарт". КҮНСОБОЛ

Тажик басылмалары "Эгерде тарыхты каза келсек, мурда Баткен эч качан кыргыздын жери болгон эмес" деген аталышта макала жарыялап, анда милициянын генерал-майору, Согдий облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Абдулло Навжувонов "биздин ата-бабаларыбыз кыргыздарды алып келип, ушул жерди берген, ал эми бүгүн болсо, тажик тарап үчүн бул көйгөй жаратып жатат" деп айткан. Буга байланыштуу Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги коңшу мамлекеттин элчисин чакырып, жолугушууда кыргыз тарап өтө тынчсызданып жатканын билдирди.

SUPER.KG порталы "Тажик генералынын сөзүнө карата расмий Бишкектин реакциясына кандай баа бересиз?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаевдин айтымында, өкмөт экинчи мындай нерсе кайталанбашы керектигин айтышы зарыл.

"Генералдын сөзүнө жооп бериш керек. Тышкы иштер министрлиги бул сөзгө элчини чакырып, жооп берди. Ал генералдын баркын көтөргөнүбүз туура эмес. Ал айтса эле жерибиз Тажикстандыкы болуп калбайт. Ал жерде ата-бабаларыбыз кылымдап жашап келген. Ал маалда Тажик мамлекети болгонбу же болгон эмеспи? Бул дагы маселе. Тажик мамлекети болуп качан бөлүндү? Бул тууралуу да билишибиз керек. Бул жер биздики, керек болсо андан да чоң жерлер бизге караштуу. Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин чечүү башкы милдет. Кагылышууга, чагымчылдыкка алдырсак бул маселе токтоп, анын чечилиши да оор болуп калат. Бул маселени дипломатиялык жол менен чечкенге аракет кылышыбыз зарыл. Бирок мындай кайрылуулар кайталанбашы үчүн сөзсүз генерал кечирим сурашы керек. Бул эки элдин кагылуушусуна алып келиши мүмкүн", - дейт Тиллаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан