Парламент комитетинде райондук гезиттерди жоюуда жылына 3 миллион 600 миң сом үнөмдөлгөнү айтылды

Бүгүн, 17-февралда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында райондук гезиттерге мамлекеттен каражат бөлүп берүү токтотулганы айтылды.

Анда депутат Садык Шер-Нияз нааразычылыгын билдирди. "Райондук гезиттерге акча берүү токтотулуп, өздөрүнүн каражаты менен чыгып жатабы? Анда облустук гезиттерди да жоюп койбойлубу? КТРКнын да кереги жок. Өз алдынча каналдар чыгып жатат", - дейт Садык Шер-Нияз.

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков облустук гезиттер калтырылганын айтты. "Гезит окуйм деген окурмандардын укугун коргоо үчүн облустук гезиттерди калтырууну эске алганбыз. Облустук гезиттердин да атын өзгөртүп жатабыз", - дейт Кадырбеков.

Садык Шер-Нияз: "Биздин президентибиз Сооронбай Жээнбеков элеттерди көтөрөбүз деп айтып жатат. Элетте гезит окугандар азыр интернет колдонобу? Турган түзүмдү жоюп салган туура эмес. Мындан канча каражат үнөмдөлдү?", - деп сурады.

Министрдин орун басары мындан 3 миллион 600 миң сом үнөмдөлгөнүн белгиледи.

Садык Шер-Нияз: "Күлкүңүз келип жаткан жокпу? Уят да бул. Иштеп жаткан түзүмдөрдү талкаладыңар, бул иш алып баруу эмес. Алар деген маданияттын кишилери да", - дейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан