Тажик басылмалары "Эгерде тарыхты каза келсек, мурда Баткен эч качан кыргыздын жери болгон эмес" деген аталышта макала жарыялап, анда милициянын генерал-майору, Согдий облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Абдулло Навжувонов "биздин ата-бабаларыбыз кыргыздарды алып келип, ушул жерди берген, ал эми бүгүн болсо, тажик тарап үчүн бул көйгөй жаратып жатат" деп айткан. Буга байланыштуу Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги коңшу мамлекеттин элчисин чакырып, жолугушууда кыргыз тарап өтө тынчсызданып жатканын билдирди.
SUPER.KG порталы "Тажик генералынын сөзүнө карата расмий Бишкектин реакциясына кандай баа бересиз?" деген собол салды.
Саясатчы Бектур Асанов тажик генералынын сүйлөгөнү боюнча кыргыз тараптан расмий кайрылуулар болгонун айтты. "Тажик генералынын айтканы чагымчылдык. Бул тажик бийлигинин макулдугу менен болду болуш керек. Тажиктер ээн-эркин сүйлөшпөйт. Биз тараптан деле расмий кайрылуулар болду. Эми Тажикстандын реакциясын караш керекпиз. Эгерде мамлекет тарабынан генерал тарабынан ачык чагымчылдык болсо, ошого жараша мамиле жасаш керек. Тажиктер 80 пайыз географиялык жактан бизге көз каранды. Тажикстандын Кытай менен соодасы биз тарап жактан болот. Биз тажиктерге анчалык деле көз каранды эмеспиз", - дейт Асанов.