Кылычбек Саркарбаев: "Мага карата жүргүзүлгөн каралоого байланыштуу кызматтан өз каалоом менен убактылуу кетүүнү туура көрдүм"

Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы, спортчу Кылычбек Саркарбаев өз каалоосу менен кызматтан кеткени тууралуу социалдык баракчасына жазып чыкты.

"Урматтуу мекендештерим! Бүгүн Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагалык кызматынан өз каалоом менен убактылуу кетүүнү туура көрдүм. Акыркы кездеги мага карата коомчулукта жүрүп жаткан каралоого байланыштуу, бул иштер тийиштүү органдар тарабынан териштирилип аягына чыккыча, кызмат ордумду тапшырып берүү үчүн мэрге арыз жаздым. Таалайбек Насирбекович сунушумду колдоду. Комитетте 2015-жылдан тартып төрагалык кылып баштагам. Ушул жылдар аралыгында төрага катары, спортчу катары, спортту жакшы түшүнгөн адам катары ар бир спортчуга, машыктыруучуга жакындан көмөк көрсөтүп, колумдан келишинче жардамымды аябадым.

Биздин спортчулар Кыргыз өлкөсүндө гана эмес, Азияда, дүйнөлүк беттештерде ийгиликтерди багындырып, өлкөбүздүн анын ичинде Ош шаарынын атын даңазалай алышты. Көрсөткүчүбүз жыл сайын өстү. Бүгүнкү күнгө чейин өз өлкөм жана шаарым үчүн кылган кызматым мен үчүн чек эмес. Менин кызматыма, спортчулар менен биргеликте жараткан ийгиликтериме, максаттарыма тоскоол болгондор чыкты. Бирок бул кадамдары алыска барбайт жана чындык далилденет деп ишенем. Мага колдоо көрсөткөн коомчулукка, комитеттин жалпы жамаатына, спорт адамдарына, тааныш ага-ини, эжелерге, баарыңыздарга терең ыраазычылыгымды билдирем. Кызмат, кресло бизге чейин болгон, бизден кийин да болот. Эң негизгиси адамдык сапатыбызды, жигиттик абийирибизди жоготпойлу. Жараткан сиздер менен жалаң гана жакшы жолдордон жолугуштурсун. Урматым менен Кылычбек Саркарбаев".

Белгилей кетсек, Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы, спортчу Кылычбек Саркарбаевге карата арыз түшүп, териштирүү иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу кызматтан убактылуу четтетилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан