Ош облусунун Алай районунда 17 жаштагы кызды зордуктоого шектелип, эки адам кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кармалган шектүүлөр кыздын айылдаштары. Алар учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
"13-февралда район тургуну 17 жаштагы кызынын зордукталганы боюнча милицияга арыз менен кайрылган. Арызда 1983-жылы туулган жана 1995-жылы туулган балдар анын кызын ээн талаага алып барып зордукташканы жазылган. Анда балдардын бири кызды 9-февралда зордуктаса, экинчиси 12-февралда зордуктаган. Шектүүлөр кармалып, учурда териштирүү иштери жүрүүдө", - деди басма сөз кызматынан.
Ошондой эле жабырлануучу кыз психикалык жактан ооруй турганын милициядан кошумчалашты.