Кызыл-Кыяда 51 жаштагы жарандын жарым миллион сомун уурдап кеткен шектүүлөр Бишкек шаарынан кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7-январь күнү саат 19:00 чамасында Кызыл-Кыя шаарынын 51 жаштагы тургуну өзүнүн Матиз үлгүсүндөгү унаасы менен үйүнө келип, дарбазасын ачып жатканда, бет кап кийген үч бала унаасынын арткы терезесин сындырып, сумкадагы 460 миң сом акчаны алып, изин жашырып качып кетишкен.
Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Ыкчам тергөө тобу жүргүзгөн иликтөө иштеринин жүрүшүндө тоноочулук кылып изин жашырган шектүүлөрдүн экөөнүн аты-жөнү такталып, алар Бишкек шаарынан кармалышты. Шектүүлөрдүн бири Талас шаарынын 37 жаштагы тургуну мурда он жолу сот жообуна тартылган. Ал эми экинчиси Кадамжай районунун 22 жаштагы тургуну 2 жолу сот жообуна тартылган.
Азыркы күндө кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери жүрүүдө.