Бүгүн, 18-февралда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Каныбек Иманалиев тажик генералынын айтканы боюнча маселени кароону сунуштады.
"Тажик генералынын айтканы чагымчылдык, чындыкка дал келбейт. Бул генерал тарыхты эстеши керек. Ал көчөдөгү саясатчы эмес, ал генерал. Тажик бийлиги тийиштүү чара көрөт деп ишенебиз. Бул маселени кароону сунуштайм", - дейт Иманалиев.
Жыйынтыгында бул маселе жыйындын соңунда жабык эшик артында каралмай болду.
13-февраль күнү Тажикстандын айрым массалык маалымат каражаттарында "Тарыхты көтөрө турган болсок, анда мурда Баткен эч качан кыргыздын жери болгон эмес" деген аталыштагы макала жарыяланып, анда милициянын генерал-майору, Согдий облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Абдулло Навжувонов "биздин ата-бабаларыбыз кыргыздарды алып келип, ушул жерди берген, ал эми бүгүн болсо, тажик тарап үчүн бул көйгөй жаратып жатат", - деген сөздөрдү айткан.