Бүгүн, 18-февралда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Чыныбай Турсунбеков чехиялык "Liglass" компаниясынын тагдыры кандай болгонун сурады.
"Бир кезде ГЭСтерди курабыз деп келген "Liglass" компаниясынын тагдыры эмне болду? Мынча каражат которду деп аттыңар эле", - деп сурады депутат.
Экономика министринин орун басары Дастан Кадыров инвестиция келбегенин айтты.
Депутат: "Ал компания менен келишим түзүлгөнүн бүткүл дүйнөгө жар салбадык беле. Бул маселени изилдеп, карап көрүү керек", - деди.
2017-жылы 10-июлда өлкөгө ГЭСтерди куруу боюнча Кыргыз өкмөтү менен "Liglass" чех компаниясынын ортосунда келишимге кол коюлган. Чех компаниясы 30 банктык күн ичинде кыргыз тараптын орусиялык "РусГидро" ишканасына болгон 37 миллион доллар карызын төлөп бериши керек эле. Бирок чехиялык компания бул сумманы өз убагында төлөп бере алган эмес. 2017-жылы 18-сентябрда өкмөттүн кеңешмесинде ал кездеги премьер-министр Сапар Исаков чехиялык "Liglass" компаниясы менен келишимди бир тараптуу жокко чыгаруу чечимин кабыл алган. 2018-жылдын октябрь айында "РусГидро" компаниясы Жогорку Нарын ГЭС каскады боюнча Кыргыз өкмөтүн Гаага сотуна бергени маалымдалган.