Бүгүн, 18-февралда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында тажик генералынын сүйлөгүнү боюнча маселе жабык эшик артында каралды.
Депутат Каныбек Иманалиевдин айтымында, тажик генералын Кыргыз мамлекетине келүүсүнө тыюу салуу боюнча Тышкы иштер министрлигине тапшырма берилет.
13-февраль күнү Тажикстандын айрым массалык маалымат каражаттарында "Тарыхты көтөрө турган болсок, анда мурда Баткен эч качан кыргыздын жери болгон эмес" деген аталыштагы макала жарыяланып, анда милициянын генерал-майору, Согдий облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Абдулло Навжувонов "биздин ата-бабаларыбыз кыргыздарды алып келип, ушул жерди берген, ал эми бүгүн болсо, тажик тарап үчүн бул көйгөй жаратып жатат", - деген сөздөрдү айткан.