Модель, актриса Оруна Шабралиева: "Менин жүзүмдү вебкамдарды жарнамалоого колдонуп жатышат" деп нааразы

"Супер сулуу-2013" наамынын ээси, модель, актриса Оруна Шабралиева "Менин жүзүмдү вебкамдардын жарнамасына пайдаланышууда" деп нааразы. Окуя кандай болгону тууралуу модель SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.

"Мындан 3 апта мурун туугандарым, тааныштарым мага вебкамдын жарнамасындагы сүрөтүмдү жөнөтүп башташты. Мени билбегендер, тааныбагандар, Оруна вебкамдардын кызматын жарнамалап жатат деп түшүнүшөт да. Алар менин сүрөтүм коюлган жарнаманы бардык социалдык тармактарга жүктөп жайылтышыптыр. Сүрөтүмдү ким таратып жатканын издеп отуруп, 3 апта дегенде араң аларга байланышка чыктым: "Силер эмнеге менин жүзүмдү жаман ишиңерге пайдаланып жатасыңар? Менин атымды булгап, пайдаланганыңар үчүн коомчулук аркылуу кечирим сурагыла. Сүрөтүмдү алган соң директоруңар байланышка чыксын, компенсация төлөгүлө же соттошом" десем, "ооба, кечиресиз" деп жаткан. Кайра "силердин автордук укугуңар бузулганбы же бузулган жокпу, жактоочубуз менен такташабыз" деп керсейип койду. Ошол боюнча канча аракет кылсам да такыр байланыша албай койдум, мени "игнор" кылып жатышат. Же алардын кайда жайгашканын, кимдер экенин да таба албай жатам. Менин атымды каралаган адамдар табылып, өз жазасын алышына болгон аракетимди жумшайм", - дейт Оруна.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Baihan07
2020-02-18 13:08:59
Телефондун номери же аккаунт аркылуу тапса болот, эгер намыс болсо заявление жаз милиция га ошолор таап берет.
+9
bond02
2020-02-18 13:48:24
Наоборот пиар эмеспи.
+9
Bars88
2020-02-18 14:00:49
Озун каяктан тапмак элен.Милицияга берсен ошолор табышат.Озум издеп атам деп жомокту айтпа эч ким ишенбейт
+9
kechirmeni
2020-02-18 15:36:13
ХХХХ, анан неге чыгарасын суротторуну
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан