Кечээ, 17-февралда Нарын облусунун Ат-Башы райондук администрациясынын алдына эл топтолгон. Алар логистикалык борбор - Ат-Башы эркин экономикалык зонанын курулушуна каршы болуп чыгышкан.
“Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы” компаниясы соода-логистикалык борборду куруу боюнча долбоорду жапты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. 200 гектар жерди 49 жылга ижарага берүү келишими жокко чыгарылганы маалым болду.
SUPER.KG порталы "15 миңдей жумуш ордун камсыз кылып, миллиондогон инвестиция келе турган логистикалык борбордун курулбай калышына кимдер кызыкдар болушту?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов элдин өкмөткө ишеничи жок болгон үчүн логистикалык борбор курулбай калганын айтты.
"Мен логистикалык борбор курулбай калганына кимдер кызыкдар болгонун билбейм. Жеке оюм боюнча, элдин өкмөткө ишеничи жок болгондуктан, логистикалык борбор курулбай калды. Бул бир жылда түзүлүп калган жагдай эмес. 30 жылдан бери чет жактан келген инвестициялар ийгиликсиз болуп жатат. Ийгиликсиз иш аракеттердин негизинде элдин ишенбөөчүлүгү жаралып жатат. Тилекке каршы, буга чейин өкмөт туура эмес иштерди жасап, элдин ишеничинен чыгып калган", - дейт Пирматов.