Бүгүн, 18-февралда парламент комитетинде Кыргыз өлкөсүнүн аймагына мезгил-мезгили менен келип турушкан чектеш мамлекеттердин жарандарынын эмгектенүү иш-аракеттерин мыйзамдаштырууга багытталган мыйзам долбоору каралууда.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси Исхак Пирматовдун айтымында, мыйзам долбоорунун максаты - чектеш мамлекеттердин жарандарынын эмгек миграциясына көзөмөл жүргүзүү жана жекече эмгектик иш-аракеттерге патент берүүдөн келип түшкөн каражаттардын эсебинен бюджетти толтуруу болуп саналат. "Эгерде Кыргыз мамлекетинде 100 миңге жакын чек арага чектеш эмгекчи-мигранттар туруктуу жүрөт деп болжолдосок, анда патент системин киргизгенибизде айына патент үчүн шарттуу минималдык баа 500 сом болгондо патент берүүдөн бюджетке түшкөн каражат жылына 8 миллион долларга жетиши мүмкүн", - дейт Пирматов.
Жыйынтыгында Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинде мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.