Садыр Жапаровду колдоо боюнча элдик штабдан тыңшоочу аппарат табылды (фото)

17-февралда Бишкек шаарында саясатчы Садыр Жапаровду колдоо боюнча элдик штабдан жашыруун угуучу аппарат табылган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жарандык активист Мелис Аспеков билдирди.

Активисттин айтымында, угуучу аппаратты штабда иштеген балдар таап чыгышкан.

"Садыр Жапаровдун тарапташтары ал угуучу аппаратты табары менен укук коргоо органдарын чакырган. Биз бул иш боюнча тиешелүү органдарга арыз менен кайрылдык. Себеби мындай аппарат соттун чечими менен гана коюлушу керек. Мыйзамсыз болгон мындай иш аракеттер кимдир бирөөлөр тарабынан жасалган провокация болушу мүмкүн", - дейт Аспеков.

Ал эми ишти каттоого алган Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы окуя тууралуу төмөндөгүдөй маалымат берди.

"17-февраль күнү саат 17:00дө Бишкек ШИИББинин 102 кызматына "Илбирс" имаратындагы кабинеттеринин биринен тыңшоочу аппарат табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Жерине барган Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын оперативдик тобу 3-кабаттагы кабинеттердин биринен тыңшоочу аппаратка окшогон буюмду табышкан. Буга байланыштуу Ж.Д. аттуу жаран аппаратты коюп кеткен белгисиздерге карата чара колдонуу боюнча арыз менен кайрылган. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - дешти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Absamat-90
2020-02-18 20:13:35
Дал ошол жерге коюлганын кантип билдинер? Бул атайын жасалган окшойт штабдагылар тарабынан, болбосо аны орноткон эле адам билбесе байкоо мүмкүн эмес го.
-16
Jaznura
2020-02-18 20:17:57
Садыр Жапаровдун колдоочулары мамлекетте башаламандык уюштуруунун жолун таппай турат.
-17
Sakura715
2020-02-19 01:43:02
Кантип билди?Ошонусу кызык,же көзү ачык бакшылар м-н жүрүшөбү?
-8
al-abu-kinesz
2020-02-19 13:55:48
Ким билди, кантип билди, бакшы бекен дегендер кругозорунарды кенейткиле. Ал жерде оз ишин мыкты билген профессионалдар, ар кадамын эсептеп баскан, Садыр Жапаровдун коопсуздугун коздун карегиндей коргогон адамдар иштейт да. Азыркы бийлик кайсы жол менен кандай кадамга барышын изилдеген эксперттер отурат. Азыр кабинет мындай турсун башка жерлерде да болушу толук мумкун
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан