Транспорт министри: "Премьер-министрге кызматтан кеткенге даяр экенимди айттым"

Бүгүн, 18-февралда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Урматбек Самаев транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшеновдон "Кызматтан кетүүгө даярсызбы?" деп сурады.

"Мурдагы министр Жамшитбек Калилов кызматтан эмнеге кеткенин билесизби?" - деди депутат.

Жанат Бейшенов Калилов орун басары пара алууга шектелип кармалганы үчүн кызматтан кеткенин айтты.

Самаев "Сиздин да орун басарыңыз кармалды. Кызматтан кетүү тууралуу арыз жазайын деп ойлондуңузбу? Эмне үчүн орун басарыңыз ар дайым коррупциялык иштерге барып жатат? Көзөмөлдөп жатасыздарбы?" деди.

Бейшенов премьер-министрге кирип кызматтан кетүүгө даяр экенин айтканын билдирди. "Мен ошондон кийин премьер-министрге кирип позициямды айттым. Кеткенге даяр экенимди билдирдим. Коррупциялык иштерге шектелип кармалган учурлар болду. Тергөө бүткөндөн кийин көрөбүз", - дейт Бейшенов.

8-февралда пара берүү фактысы боюнча транспорт жана жолдор министринин орун басары менен автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин директору кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан