Кечээ, 17-февралда Нарын облусунун Ат-Башы райондук администрациясынын алдына эл топтолгон. Алар логистикалык борбор - Ат-Башы эркин экономикалык зонанын курулушуна каршы болуп чыгышкан.
“Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы” компаниясы соода-логистикалык борборду куруу боюнча долбоорду жапты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. 200 гектар жерди 49 жылга ижарага берүү келишими жокко чыгарылганы маалым болду.
SUPER.KG порталы "15 миңдей жумуш ордун камсыз кылып, миллиондогон инвестиция келе турган логистикалык борбордун курулбай калышына кимдер кызыкдар болушту?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев борбордун курулбай калганына кимдер кызыкдар болгону боюнча так маалымат жоктугун билдирди.
"Ошол жерде буга чейин логистикалык борбор ачабыз деп бир топ жерлер алынып, даярдалып, бул багытта иштерди баштаган бир күчтөр болгону боюнча маалымат уктум. Логистикалык борбор керек болчу. Мүмкүн биз билбеген, жергиликтүү эл билген бир нерсе бар чыгар. Бирок логистикалык борбор курулбай калганы өкүнүчтүү болуп калды", - дейт Маматалиев.