Ысык-Көл облусунда эл ташыган маршрутка оодарылып, 4 адам жабыркады. Бул тууралуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 16:45 чамасында Бишкек-Балыкчы-Ананьево унаа жолунда болгон.
"Бишкектен Каракол шаарына бара жаткан Mercedes-Benz Sprinter унаасы алдынан чыга калган жылкыдан буйтайм деп даракты сүзүп оодарылып кеткен. Натыйжада 4 адам жабыркаган. Алардын ичинде айдоочу дагы бар. Алар ооруканага жеткирилген. Учурда бул жол кырсыгы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Териштирүү иштери жүрүүдө", - деп билдиришет басма сөз кызматынан.