Орусиялык маркум ырчы Жанна Фрискенин жолдошу, телеалпаруучу Дмитрий Шепелев Орусиянын Биринчи каналынан кетти. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык баракчасына жазып чыкты.
"Бүгүн биз Биринчи канал менен иштешүүнү токтотууну чечтик. Мен мындан ары ал жакта иштебейм. Бул эки тараптан тең чечилген оңой эмес чечим болду. Бизде эч кандай түшүнбөстүк, бири-бирибизге нааразычылык болгон жок", - деп жазган телеалпаруучу.
Эске салсак, Шепелев Биринчи каналда 2008-жылдан бери эмгектенип келген. Акыркы учурда "Чынында" ("На самом деле") аттуу ток-шоусун алып барчу. Биринчи канал өз кезегинде Шепелевдин жумуштан кеткендигин тастыктап, аталган программага башка телеалпаруучу дайындалганын билдирген.