"Аялын сабап, унаа менен сүйрөткөн". Ош шаарында кызганычтан аялын сабаганга шектелген жаран камакка алынды

Ош шаарында мончодон кеч чыккандыгы үчүн күйөөсү жубайын унаа менен сүзүп, сүйрөп кеткен. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Окуя 17-февраль күнү кечинде орун алган. Жабырлануучунун айтымында, ал мончодо курбулары менен кармалып калган. Чыкса жолдошу кызганып унаа менен сүзүп, жыгылып калганда өтүп кетип, кайрылып келип колунан кармап, унаа менен кошо жүгүрткөн. Жубайы кулап калганда 4-5 метрге чейин унаа менен сүйрөп кеткен.

Жабырлануучу 45, ал эми жолдошу 43 жашта. Экөө тең Кара-Суу районунун тургундары. Бирок окуя Ош шаарындагы Жапалак айылында катталды. Кылмышка шектүү кечээ камалды", - деп билдирди басма сөз катчы.

Маалыматка ылайык, жабырлануучу Ош облустук оорукананын нейрохирургия бөлүмүнө жаткырылган. Дарыгерлер аялдын баш мээси чайкалганын аныкташкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Benazir08
2020-02-19 09:53:48
Жон судуротпойт да кобу азыр мончодон тутулуп ажырашып жатышат
-11
Sajakat14
2020-02-20 01:47:42
Benazir08,сен колуңа чырак кармап тутулуп жаткандарын көрүп жатасыңбы?
+3
Dembele84
2020-02-19 10:12:11
Озу азыр катыны эркеги деле мончодон чыкпай калды толпа болуп чогулуп кирип алып ичишип сайрандап,бири биринин созун укпай тытышып
+1
Shaa-82
2020-02-19 10:31:09
Откондо бир видео чыктылего мончодо бийлеген чоон килейген эжелердин,бироосун олтуруп салыптыр дешкен. Ошондон кийин балким булар да ошентет деп жини келгендирда.
-9
Aikaaaa
2020-02-19 12:46:49
Айииий - басайын десем + басылып кетти, эмнеге мынча аялдарыңарды жаман көрөсүңөр, ал силердин балдарыңарды жакшы көргөн адам, жок дегенде балдарыңар үчүн сыйлап койгулачы! Адам катары жаман көрсөңөр!
+5
Mister-X
2020-02-19 18:56:15
Aikaaaa,Билбейм башкасын, мен кыргыз кыздарын, кыргыз аялдарын суйом!Тиги эркек сорой оз жазасын алат.
+5
Avrora2017
2020-02-19 22:23:12
Mister-X,rahmat kyrgyz kyrdaryn baalaganyna,
+2
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-02-19 13:27:36
Анда үйүнө мончо салып бер да! Өзүн да суйроткуло!
+11
Gospozhatsetok
2020-02-19 14:57:30
Тообо деги Кыргызстанда соо эркек калдыбы?
+5
Mustafo
2020-02-19 16:20:04
Азыр айалдарда баня отуруш деген балее бар экен , баняга кирип алып жыңалач тансалашып ошолордон болсо керекта.
+1
Sajakat14
2020-02-20 01:51:04
Mustafo,аялдарды ушактап каралагандан башка деги эмнеге акылың, күчүң жетет? Колтойтуп сени дагы аял төрөп, чоңойтуп эл арасына кошту!
+2
Sher-
2020-02-19 18:02:15
кызгангыдай 17 18 жаштагылар эмескенго
+5
DNurgiza
2020-02-19 20:38:58
Sher-,ошо да.
+4
ika8086
2020-02-19 19:00:27
Мээси жайында эмесго эркектин,кызганычта эби менен,эмне болду эми бети кара көө болуп кайнжуртуна жаман корунуп,омур бою көөсун жуусада кеткис кылып суйкоп алыптыр.
+1
arimaz89
2020-02-19 19:53:41
Калпка эле катуу ишенесиңер, ай. Тиги жылаңач бийлеген казак аялдары болду го. Аны тим эле "Жалал-Абадда болуптур, анан күйөөсү союп коюптур" деп вотсаптардан таратышкан уяты жоктор! Ал сөзгө көптөр ишенип жүрүшөт. Эгер ошондой болгон күндө ал ММКларга дуу болуп, күйөөсү бир мынча жылга камалып деп жаңылык болот да. Же эмне, вотсапка жеткен нерсе ММКларга жетпей калабы, тообо!? Бир нерсени уксаңар бираз текшерип анан ишенсеңер
+6
DNurgiza
2020-02-19 20:40:53
Өзүн сүйрөтүп кыйнаш керек.
+4
katerina.li
2020-02-19 20:57:59
Билбей эле б..к жей бербегилечи,бир саат эле тушуптур баняга. Кечки беште кирип,алтыда кайра чыгыптыр. Азыр баняга эмне он саат жуунтабы силерди?? Ашып кетсе бир жарым саат ,анан банщиктер кубалай баштайт. Тимеле тан аткыча баняда жургонжой суйлопсунорго. Кээ бир эркек соройлор табасы кана тушуптур.
+2
Sajakat14
2020-02-20 01:57:14
Ушунун баары эркектердин кылымыш кылгандан кийин күйөөсү менен аялы деп жазаланбай калгандыктан коомубузжа эркектер эрке талтаң болуп бүтүшкөн! Катуу статбя менен четинен ушундай эрке талтаңдарды түрмөгө тыгышса ошондо Кудай берген мээни колдонуп калышат эле!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан