Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалындагы алгачкы оюндарынын жыйынтыктары

Бүгүн, 19-февраль күнү Европадагы беделдүү мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалынын алгачкы оюндары болуп өттү.

Германиянын "Боруссия Дортмунд" командасы өз талаасында франциялык "ПСЖ" клубун кабыл алды. Кызыктуу беттештин жыйынтыгында Эрлинг Холанддын киргизген эки голу "ПСЖ" клубунун үстүнөн жеңиш алып келди. Бул эки команданын жооптук беттеши 12-март күнү 02:00до (Бишкек убактысы боюнча) Париждеги "Парк де Пренс" стадионунда өтөт.

"Боруссия Дортмунд" (Германия) - "ПСЖ" (Франция) 2:1

Голдор: Эрлинг Холанд (69, 77-мүнөттө), Неймар ("ПСЖ") 75-мүнөттө.

"Атлетико Мадрид" командасы өз үйүндө англиялык "Ливерпуль" командасын кабыл алды. Бул оюн 1:0 эсеби менен жыйынтыкталып, жалгыз голду командасына жарым коргоочу Сауль Ньигес алып келди. Бул эки команданын жооптук беттеши 12-март күнү 02:00до (Бишкек убактысы боюнча) Ливерпуль шаарындагы "Энфилд" стадионунда өтөт.

"Атлетико Мадрид" (Испания) - "Ливерпуль" (Англия) 1:0

Голдор: Сауль Ньигес (4-мүнөттө).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dembele84
2020-02-19 10:08:41
Букмейкерлердин фаворит дегендери женилип калды.Азырынча айтыш кыйын,Экинчи оюнда чечилет эми баары.
+2
Azizbek_Musabekovich
2020-02-19 11:37:30
букмекерлер фаворит деп эч бир команданы айткан эмес, Мадридде 3тон аз гол кирет деп айтышкан, Дортмундда 2ден ашык гол кирет деп айтышкан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан