Жогорку Кеңеште транспорттук көзөмөл жайларына салмак көлөмдү көзөмөлдөө процессин автоматташтыруу сунушталууда

Бүгүн, 19-февралда Жогорку Кеңеште транспорттук көзөмөл жайларына салмак көлөмдү көзөмөлдөө процессин автоматташтыруу сунушталууда.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Марлен Маматалиевдин айтымында, транспорттук көзөмөл жайларына салмак көлөмдү көзөмөлдөө процессин автоматташтыруу жолу менен адам фактору жокко чыгарылып, коррупциялык схемалар жоюлат.

"Өлкөнүн жолдорунун учурдагы абалын сактоо боюнча көргөн чаралар биз күткөн натыйжаны бербей тургандыгын көрсөттү. Жолдорду реконструкциялоону бүтпөй жатып эле, алар чекесинен кайра бузулуп жатат. Жолдордун мындай тез арада бузулушунун себеби болуп мыйзамдардын талаптарын сактабаган ашыкча жүк ташыган транспорттук каражаттар саналат. Мамлекеттин пайда болгон карызынын көпчүлүк бөлүгү республикабыздын жолдорун курууга жана реконструкциялоого багытталгандыгын бегилеп кетүү керек", - дейт Маматалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан