Бүгүн, 19-февралда Жогорку Кеңеште транспорттук көзөмөл жайларына салмак көлөмдү көзөмөлдөө процессин автоматташтырууга багытталган мыйзам долбоору каралып жатат.
Анда депутат Улугбек Ормонов Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин бардык кызматкерлерин жумуштан кетирүү керектигин айтты.
"Аталган агенттиктин бардык кызматкерлерин жумуштан кетирип, жаңыларды алып келүү зарыл. Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин директору кармалган баланы алып чыгам деп пара бергенге шектелип жатат. Булар бардыгы бирге да. Ошол үчүн бардыгы кызматтан кетиши керек", - дейт ал.
Депутат Марлен Маматалиев аталган мыйзам долбоору колдоо тапса, агенттиктеги кызматкерлер кыскара турганын айтты.
Пара берүү фактысы боюнча транспорт жана жолдор министринин орун басары менен Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин директору кармалган.