Депутат: "Транспорт министри Жогорку Кеңештин, комитеттин жыйынына келбейт. Ал эмне жумуш кылып жүрөт?"

Депутат Зиядин Жамалдинов транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов Жогорку Кеңештин, комитеттин жыйынына келбей жатканына нааразы болду. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-февралда парламенттин жыйынында билдирди.

"Министр жыйындарга келбейт. Ал эмне жумуш кылып жүрөт? Эки жыл мурун транспорт жана жолдор министринин орун басары пара алууга шектелип кармалгандыгы үчүн кызматтан кеткен. Азыркы министр эмнеге бул жөнүндө ойлонбой жатат? Бүгүн министрликке тиешелүү мыйзам долбоору каралып жаткандан кийин жыйынга келиши керек болчу", - дейт Жамалдинов.

Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү болуп Алмасбек Абытов кечээ министр комитет жыйындарына катышканын эскертип, бүгүн эмнеге Жогорку Кеңешке келбегени тууралуу тактай турганын айтты.

Учурда транспорттук көзөмөл жайларына салмак көлөмдү көзөмөлдөө процессин автоматташтырууга багытталган мыйзам долбоору каралып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан