Депутат: "Транспорт министрлиги коррупцияга батып кетти"

Депутат Эрмамат Тагаев Транспорт жана жолдор министрлигинин жетекчилигин жаңылоо керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал аталган министрлик толугу менен коррупцияга батып кеткенин белгиледи. “Жаңы кадрларды алып келип, министрликтин түзүмүн тамыры менен алмаштыруу керек”, - дейт ал.

Жогорку Кеңеште транспорттук көзөмөл жайларына салмак көлөмдү көзөмөлдөө процессин автоматташтырууга багытталган мыйзам долбоору каралды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан