17-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевди, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовду, ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди жана Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Бакир Таировду кабыл алган. Анда ал өлкөнүн ишкерлер чөйрөсүнүн пикирлерин эске алуу менен Коопсуздук кеңешинин катчысына Бирдиктүү депозиттик эсептин иштөөсүнүн максаттуулугу жөнүндө маселени кароо тапшырмасын берди. Президент укук коргоо органдарынын ишинин көрсөткүчтөрүн жакшыртуу үчүн ишкерлерге кысым көрсөтүүгө жол бербөөнү тапшырды.
2018-жылдын 16-майында президент коррупция менен күрөшүүнүн натыйжасында келип түшкөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачуу жөнүндө буйрукка кол койгон, ошол эле жылдын июнунда Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган.
SUPER.KG порталы "Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчысына Бирдиктүү депозиттик эсептин иштөөсүнүн максаттуулугу жөнүндө маселени кароо тапшырмасын берди. Ишкерлердин арыздануусун жараткан коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Бирдиктүү депозиттик эсеп жабылганы туурабы?" деген собол салды.
Коомдук ишмер Кеңешбек Дүйшөбаев эсепке түшкөн каражат максаттуу колдонулса, жабылбай иштей бере тургандыгын айтты.
"Ал жакка түшкөн каражаттар максаттуу түрдө, мыйзам бузуу жок колдонулганы такталса Бирдиктүү депозиттик эсеп жабылбай иштей берет. Эгерде түшкөн каражаттар кыянаттык менен колдонулса, туура эмес иштерге жумшалса кылмыш иши козголуп, күнөөлүү адамдар жоопкерчиликке тартылат. Мындан улам Бирдиктүү депозиттик эсеп жабылып калышы мүмкүн", - дейт Дүйшөбаев.