17-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевди, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовду, ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди жана Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Бакир Таировду кабыл алган. Анда ал өлкөнүн ишкерлер чөйрөсүнүн пикирлерин эске алуу менен Коопсуздук кеңешинин катчысына Бирдиктүү депозиттик эсептин иштөөсүнүн максаттуулугу жөнүндө маселени кароо тапшырмасын берди. Президент укук коргоо органдарынын ишинин көрсөткүчтөрүн жакшыртуу үчүн ишкерлерге кысым көрсөтүүгө жол бербөөнү тапшырды.
2018-жылдын 16-майында президент коррупция менен күрөшүүнүн натыйжасында келип түшкөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачуу жөнүндө буйрукка кол койгон, ошол эле жылдын июнунда Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган.
SUPER.KG порталы "Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчысына Бирдиктүү депозиттик эсептин иштөөсүнүн максаттуулугу жөнүндө маселени кароо тапшырмасын берди. Ишкерлердин арыздануусун жараткан коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Бирдиктүү депозиттик эсеп жабылганы туурабы?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев Бирдиктүү депозиттик эсеп жабылбашы керектигин белгиледи.
"Бирдиктүү депозиттик эсеп жабылбайт. Ар дайым иштеп турушу керек. Укук коргоо органдары, прокуратура, УКМК, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматы коррупциялык иштерден түшкөн акчаны которушат. Бул эсеп жабылбашы керек. Мисалы былтыркы жылы эсепке түшкөн каражат мектеп курууга жөнөтүлдү", - дейт Токтошев.