SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар аптанын жеңүүчүсү аныкталат.
Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.
Бул аптада эң аз добушка ээ болгон чыгарманын ордун Тотомидин Жолдошов менен Сурманын "Эгиздердин арманы" аталышындагы клиби толуктады. Тотомидин мырза тарбиялык маанидеги чыгарманы аткарып чыгууга коомдогу болуп жаткан окуялар себеп болгонун айтат. Ал эми клипти тартуу иштери аябай суук күндөргө туш келгендиктен, клипмейкер эле кыйналды дейт ырчы.
12-ФЕВРАЛДАН 19-ФЕВРАЛГА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ:
10-орун - Айпери Кулбаеванын "Ата" видеоклиби эң аз добуш топтоп, сынактан четтетилди.
9-орунга - Мурат Ниматовдун "Келинчегим бол" аталышындагы чыгармасы жайгашты.
8-орунду - Айганыш Абдиеванын "Өтөр, кетер" клиби багындырды.
7-орун - Турдакун Ниязалиевдин "Асыл апам" клибине буюрду.
6-орунду - Төлөгөн Мамыровдун "Жубайыма" видеокомпозициясы багындырды.
5-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Айгерим Расул кызынын "Тумарым" чыгармасына буюрду.
4-орун - Добрдын "Эр жигиттер" аталышындагы чыгармасы жайгашты.
3-орунду - Айдана Деканын "Сезим менен" видеоклиби камсыздады.
2-орун - Султан Садыралиевдин "Ыраазымын сага" видеокомпозициясына буюруп, алдыңкы үчтүктөн орун алды.
1-орун - Үмүтай Абдышованын "Жүрөктө сүйүү боздойт" чыгармасы эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү аталды.
Сүйүктүү чыгармаңызга добуш берүү үчүн шилтеме.