Бүгүн, 19-февралда саат 15:40 чамасында Салиева жана Төрөкул Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинде үч унаанын катышуусундагы жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу патрулдук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Mercedes-Benz Sprinter унаасы жана дагы эки жеңил унаа кагылышкан.
Анда Mercedes-Benz Sprinter унаасынын алдына жеңил унаа кирип кеткен.
Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.