Бишкекте гипермаркеттен коньяк уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 17-февралда Ленин РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө шаар тургуну арыз менен кайрылган. Арызда ошол эле күнү саат 14:30 чамасында белгисиз жаран 13 миң сомдук коньякты уурдап кеткени жазылган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ыкчам иликтөө тобу шектүү катары 1984-жылы туулган О.Э. аттуу жаранды кармашкан. Анын баш коргоо чарасы каралып, ал 2 айга камакка алынган.