Президент Сооронбай Жээнбеков абийир соту орнобосо, сот системин тазалоо мүмкүн эместигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Соттук реформаны ишке ашыруу үчүн эмне керек деп сураганда, саясий эрк менен каражат керек деп айтышкан. Мына саясий эрк бар, 2019-жылы көптөгөн реформаны баштадык. Каражат бөлүндү, эң алдыңкы технологиялар алынды. Биз аткарып жатабыз, бирок эки жылдык биздин байкоолор көргөзгөндөй, бир эле бул жетиштүү эмес экен. Биринчи абийир соту орнобосо, сот системин тазалоо мүмкүн эмес экенин көрсөттү. Мына мен соттордун жыйынында дагы айтып жатам. Биринчи өзүңөрдүн адамдык абийириңерди, ички ыйманыңарды козголтуу керек деп. Ошондо гана ийгиликтүү реформа болот", - дейт президент.